Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:29

Ооганстанда апийим өстүрүү көбөйүүдө


Ооган бийлиги билдиргендей, өлкөдө мыйзамсыз апийим өстрүрүү быйыл дагы өстү. Маңзаттары менен күрөш министрлигинин маалымат катчысы Каюм Самирдин "Азаттыктын" ооган кызматына билдиришинче, аткезчилердин сары изине чөп салып, дыйкандарга акча табуунун башка түрлөрүн сунуш эткен программаларга карабастан, быйыл жазда 157 миң гектардай жерде апийим эгилгени болжолдонууда. Бул былтыркы ушул эле мезгил аралыгындагы көрсөткүчкө караганда 3 миң гектардай көп.

Самир апийим менен күрөшкө коопсуздуктун камсыздалбаганы жана жакырчылыктын кеңири жайылгандыгы кедерги болуп жаткандыгын кошумчалады. Катчынын айтымында, апийим өзгөчө көп өстүрүлгөн төрт убанда атайын тапшырма берилген топтор түзүлдү.

XS
SM
MD
LG