Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:28

Жогорку Сот Ниязалиев боюнча ишти кайра тергөөгө жөнөттү


Бүгүн Жогорку Сот Санпа окуясы боюнча айыпталган Шамшидин Ниязалиев боюнча Жалал-Абад облустук сотунун өкүмүн кайрадан кароого жиберди. Буга чейин облустук сот Ниязалиевге 150 миң сом айып пул салып, сот залынан бошоткон болчу. Буга нааразы болгон Жалал-Абад облустук прокуратурасы Жогорку Сотко доо арыз менен кайрылып, Ниязалиевди өмүрүнүн акырына чейин камоо өкүмүн күчүндө калтыруу өтүнүчүн келтирген.

2010-жылдагы июн окуясында Бишкек – Ош жол боюнда, "Санпа" пахта заводунун жанында бир нече адамды өлтүрүүгө катышкан деп айыпталган Шамшидин Ниязалиевди Сузак райондук соту "массалык башаламандык уюштурган", "адам өлтүргөн" сыяктуу оор беренелер боюнча күнөөлүү деп таап, өмүрүнүн аягына чейин кескен болчу. Бирок андан соң облустук соттун коллегиясы "массалык башаламандыкка катышкан" деген гана айыпты калтырып, 150 миң сом айып пул салып, сот залынан бошоткон. (ЕВМ\BkA)

XS
SM
MD
LG