Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

3-апрелге карата аба ырайы


Кыргызгидромет борборунан билдиришкендей, 3-4-апрелде Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жана Ош, Баткен, Жалал-Абад обустарынын тоо этектеринде 0…3 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү мөмөлүү бактарга коркунучтуу.

Бишкек-Ош (121-137 чакырым, 198-265 чакырым), Каракол-Эңилчек (45-90 чакырым), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90 чакырым, 145-150 чакырым), Ала-Бука – Каныш-Кыя (62-100 чакырым) тоолуу жолдорунда кар көчкү коркунучу бар, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо сунуш кылынат.

3-апрелде түнкүсүн айрым аймактарда жаан-чачын күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактардын жолдору тоңголок, тайгак болот. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 7…12,
Талас облусунда түнкүсүн 0…-3, күндүз 5…10,
Баткенде түнкүсүн 0…5, күндүз 7…12 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 8 …14,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-3, күндүз 5…10,
Нарында түнкүсүн 0…-3, күндүз 5…10 жылуу болот

Бишкекте дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы -2…0 градуска чейин суук, күндүз 8…10 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG