Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:35

Адвокат Усманов: Сотто бизди сабап кетишти


Июн окуясында адам өлтүрүү боюнча айыпталган Шамшидин Ниязалиевдин адвокаты Улугбек Усманов бүгүнкү соттук жараянда аларды жабырлануучулар сабаганын айтып чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Усманов өзү билдирди. Анын айтымында, Жогорку Соттун имаратында Ниязалиевдин энесине, дагы бир адвокат Татьяна Томинага жана өзүнө жабырлануучулардын жакындары кол салышкан:

- Сот түштө тыныгуу жарыялаган соң онго жакын адам мага асылышып, тепкилеп кетишти. Алар ичке, табарсыкка согушту. Алардын ичинен үч-төртөө эле жабырлануучу экенин тааныдым. Калгандары мен көрбөгөн адамдар экен.

Ал эми "Санпада" өлтүрүлгөндөрдүн жакындары Усмановдун айткандарын четке кагып, анын сабалбаганын билдиришти.

Бүгүн "Санпадагы" окуя боюнча айыпталган Шамшидин Ниязалиевдин иши Жогорку Сотто каралып, сот бул иш боюнча Жалал-Абад облустук соттун өкүмүн кайрадан кароого жиберди.

2010-жылдагы июн окуясында Бишкек – Ош жолунун боюнда, "Санпа" пахта заводунун жанында бир нече адамды өлтүрүүгө катышкан деп айыпталган Шамшидин Ниязалиевди Сузак райондук соту "массалык башаламандык уюштурган", "адам өлтүргөн" сыяктуу оор беренелер боюнча күнөөлүү деп таап, өмүрүнүн аягына чейин кескен болчу. Бирок андан соң облустук соттун коллегиясы "массалык башаламандыкка катышкан" деген гана айыпты калтырып, 150 миң сом айып пул салып, сот залынан бошоткон. (BkA)

XS
SM
MD
LG