Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

"Уш садоси" гезитинин редактору камакта


Ошто өзбек тилдүү "Уш садоси" гезитинин башкы редактору Мухаммадсали Исмаилов камакка алынды. Аны менен кошо дагы 6 өзбек тектүү тургун 2010-жылкы июнь окуясына тиешелүү кылмышка шектүү делип кармалып турганы жөнүндө маалымат бар. Милиция болсо бул боюнча кененирээк комментарий бере элек.

Учурда милициянын убактылуу кармоочу жайында жаткан “Уш садоси” (“Ош жаңырыгы”) гезитинин башкы редактору Мухаммадсали Исмаилов жана дагы 6 өзбек жараны мындан 3 күн мурда, 31-мартта шаардын Имам-Ата кварталында кармалган.

Кармалган адамдардын жакындарынын айтымында, аларды милициялар себебин түшүндүрбөстөн алып чыгып кетишкен. Ошондон бери алар менен кабарлаша албай жатабыз дешет мааледен келгендер. Алар 3 күндөн бери Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнүн имаратынын алдында нааразылык акциясын уюштуруп, милиция тургундарды мыйзамсыз кармаганын билдиришүүдө.

​Журналист Мухаммадсали Исмаиловдун жубайы Захида “Азаттыкка” буларды айтып берди:

- Эртең менен милиция чакырып жатат дешти. Чыкканда эле кармап кетишиптир. Неге кармап кеткенин, каякка алып кетишкенин билбейбиз. Кийин тактасак ошол июнь окуясындагы бир адамдын өлүмүнө күнөөлүү деп камоого алышкан экен. Ал редакторлуктан сырткары мааледе башчы болуп иштечү эле. Ошого да айыптап атышат. Бирок ал өлдү деген Анвар Махмудов азыр тирүү эле жүрөт. Ал туугандарыныкына качып кеткен болуш керек.

Кармалгандардын жакындары
Кармалгандардын жакындары
Милиция азырынча канча адам кармалганын тастыктай элек. Ички иштер министрлигинин онунчу башкы башкармалыгы менен Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери бири-бирине шылтап, толук маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

​Бирок кармалган адамдардын жакындары кварталдан 7 киши кармалганын айтышууда. Алар ошондой эле кармалгандар сурак учурунда кыйноолорго тушугуп жатканын айтышты. Атын атагысы келбеген аял мындай дейт:

- Азыр 3 адам Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын Оштогу ушул бөлүмүндө, дагы 4 киши онунчу бөлүмдүн түштүк бөлүмүндө кармалып турат. Аларды суракка алып жатат дешти. Кээ бирлерин болсо сабап салышыптыр. Жалган жалаа менен эле кармап алышты. Эмне кылаарыбызды билбей турабыз.

​Милиция имаратынын алдына чогулгандардын дагы бири Сабохан Нооманова жолдошу Икрамжан Нооманов да кармалып турганын ачыктады:

- Биз эртең менен ойгоно элек да болчубуз. Керек болсо бутуна байпак да кийгизбей алып чыгышты. "Участкалык милициямын" деп тааныштырган бирөө алып кетти. Түштөн кийин мен ушул жердемин деп бир телефон чалды, ошол боюнча телефону өчүп калды. Азыр кабар алалбай жатабыз. Биз эми улутчулдук кылгыдай жаныбыздан тоюппузбу? Менин атам кыргыз, апам өзбек. Күйөөм да ошондой аралаш улуттан. Анан кантип улутчулдук кылып, адам өлтүрмөк эле? Ошентип айтканда мага өтө таң калычтуу болду. Башка нерсеге да айыпташса ишенмек элем.

Кармалгандардын жакындары
Кармалгандардын жакындары
​Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов бул иш боюнча соңку маалымат катары буларды билдирди:

- Кармалганы чын. Бирок алардын саны канча экенин мен азыр айта албайм. Ошол айтылып жаткан “Уш садоси” гезитинин редактору Мухаммадсали Исмаилов 2010-жылкы коогалаңдагы бир окуяга шектүү деп өзү эле кармалды. Коогалаң учурунда бир адам жоголуп кеткен. Мухаммадсали Исмаилов ошол окуяга тиешеси бар сүрмө топту жетектеп жүргөн деп шектелүүдө. Баш коргоо чарасын аныктоо үчүн аны азыр сотко алып кетишти.

Өзбек тилиндеги өкмөттүк "Уш садоси" гезити 81 жылдан бери жарык көрүп келет. Аптасына 2 жолу чыгып турчу 8 беттик гезит Ош областтык администрациясына карайт. Мухаммадсали Исмаилов мында редактор катары иштегенине 7-8 жылдай убакыт болду. Ага чейин ал типограф, кабарчы болуп иштеп келген.

​Маалыматка ылайык, кармалгандар Ош окуясы учурунда дарексиз жоголгон адамды өлтүрүүгө катышы бар деп шектелип, Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча кылмыш иши козголгон.

Нааразылыкка чыккандардын айтымында, алардын өздөрүнүн маалелеши, өзбек тектүү Ажар Махмудова күйөөсү Анвар Махмудовдун жоголуп кеткендиги боюнча милицияга арыз жазган. Ошого байланыштуу мааледеги адамдар шектүү катары кармалды дешет алар.

Ал арада Ош облусунун прокурору Айбек Турганбаев “Уш садоси” гезитинин баш редакторунун камалышы анын кесибине жана улутуна байланыштуу эместигин “Азаттыкка” билдирди.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG