Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:43

Сербия-Косово: жарашуу сүйлөшүүлөрүндө мунаса табылган жок


Эки өлкөнүн өкмөт башчылары Ивица Дачич менен Хашим Тачи жана Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча өкүлү Кэтрин Эштон Брюсселде эки тараптуу жана үч тараптуу бир канча жолугушууларды өткөрдү. Бирок тараптар мунасага келген жок.

Тараптар Косоводогу серб муниципалитеттеринин ыйгарым укуктары боюнча макулдашууга аракет кылды. Белград аларга көбүрөөк көз карандысыздык берүү аракетин көрүүдө. Бирок косоволук албандар бул алардын Баш мыйзамына каршы келерин билдирүүдө.

Жарашуу сүйлөшүүлөрү үчүн жолугушууну Евробиримдик уюштурган. 2008-жылы Косово өзүн Сербиядан көз карандысыз мамлекет деп жарыялаган. Белград муну таануудан баш тартып келет. Евробиримдик эки өлкө мунасага келгенде гана уюмга кабыл алынат деген шарт койгон. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG