Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:20

БУУда курал соодасын тескеген келишим жактырылды


Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы курал соодасын тескеген эл аралык келишимди кабыл алды. Документке уюмга мүчө 193 мамлекеттин 154ү макулдук берди. Сирия, Түндүк Корея жана Иран келишимди колдогон жок. Ал эми Орусия жана Кытай баштаган 23 өлкө калыс болду.

Бир топ жылдан бери кабыл алынбай келген документ боюнча, автоматтан тартып танк, тик учакка чейинки курал-жарактын бардык түрүн сатууда жаңы стандарт кирет. Ага ылайык, дүйнө мамлекеттеринен сыртка курал сатууда ал адам укугун, гуманитардык мыйзамды бузуу, терроризм үчүн колдонулбашы тууралуу кепилдик талап кылынат.

Глобалдык курал-жарак базарында жылдык соода жүгүртүү 70 миллиард долларды түзөт. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG