Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:27

Апрел окуясы боюнча соттук териштирүү убактылуу токтоду


Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" “Мекен шейиттери” коомдук кыймылынын башчысы Осунбек Жамансариев билдирди. Анын айтымында, сот жараяны ишти карап жаткан судья Дамир Оңолбековдун ооруп калганына байланыштуу 9-апрелге чейин токтотулду.

Апрел окуясы боюнча сот ар жуманын алгачкы үч күнү өтүүдө. Анда 2010-жылы 7-апрелде тынч элге ок аткан деген айып мурунку президент Курманбек Бакиев баштаган 28 кишиге тагылган. Анын ичинен мурдагы президент Бакиев баш болгон жети айыпталуучу Кыргызстанда болбогондуктан, сырттан соттолууда. Ушул тапта камакта мурдагы мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчи орун басары Нурлан Темирбаев кармалууда, калгандары үй камагында. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG