Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:05

Сербия менен Косовонун сүйлөшүүсү натыйжасыз аяктады


Евробиримдиктин ортомчулугу менен Брюсселде он эки саатка созулган сүйлөшүүлөрдөн соң Сербия өкмөт башчысы Ивица Дачич менен Косово премьер-министри Хашим Тачич өз өлкөлөрүндө кайра консультация өткөрө турган болушту.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштондун билдиргенине караганда, эки тараптын ортосундагы “ажырым бир аз эле, бирок терең бойдон” калууда.

Косово 2008-жылы көз карандысыздыгын бир тараптуу жарыялаганга чейин Сербиянын бир бөлүгү болгон. Бирок Сербия Косовонун көз карандысыздыгын кабыл алган эмес.

Брюсселдеги сүйлөшүүлөрдө негизги көңүл Косовонун түндүгүндө жашаган этникалык сербдердин макамына бурулду. Белград Евробиримдикке мүчө болуу мүдөөсүн алга жылдырыш үчүн Косово менен алакасын нормалдаштырышы керек. (UE)

XS
SM
MD
LG