Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:57

Бишкектеги Орус драма театрынын иши токтоп калды


Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрынын иши токтоп калды. Бул тууралуу аталган театрдын артисттери билдиришти. Актриса Галина Гетованын “Азаттыкка” билдиришинче, театрдын иштен бошотулган директору Борис Воробьев ал жактагы үн жана жарык берчү аппаратураларды алып чыгып кеткен. Ошондой эле өзү продюсерлик кылган спектаклдерди коюуга тыюу салган. Мындан улам бүгүнкүгө белгиленген спектаклдер үзгүлтүккө учурады.

Борис Воробьев театрдан аппаратуралардын чыгарылып кеткенин тастыктады. Воробьевдун айтымында, театрга аппаратураларды сатып берген жеке демөөрчүлөр анын кызматтан алынганын уккан соң, чыгарып кетүү чечимин кабыл алышкан.

Борис Воробьев театрдын директорлугунан шейшембиде бошотулган. Ал буга чейин Маданият министрлигинин жетекчилери 20 миң доллар пара сураганын билдирип чыккан эле. Министрлик өкүлдөрү болсо Воробьевду кылмыштуу чөйрөнүн өкүлдөрүн пайдаланып, коркутуп жатканын билдирген болчу.

Ал ортодо Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Орус драма театрына башкы режиссер жана директордун милдетин аткаруучу кылып Нурлан Асанбековдун дайындалганы тууралуу маалымат таратты. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG