Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:26

Түндүк Корея Түштүк Корея менен индустриалдык аймактагы чек арасын жапты


Мындан улам Түштүк Корея жарандарынын коопсуздугу үчүн бардык чараны көрөөрүн эскертүүдө.

Өлкөнүн коргоо министри Ким Гван Чжиндин айтымында, Түштүк Корея эгер индустриалдык аймакта калган жарандарынын коопсуздугуна коркунуч туулса, бардык чараларды, анын ичинде аскерий да чараны караштырууда. Кэсон индустриалдык аймагында эки корей өлкөсү биргелешип иштеткен заводдо жайгашкан.

Пхеньян бүгүнтөн тартып ал жакка Түштүк Корея адистеринин киришине тыюу салган. Бирок аймактан артка, өз өлкөсүн көздөй чыгып кете беришет.

Түштүк Кореянын Биригүү иштери боюнча министрлигинин билдиргенине караганда, азыр алардын 800дөй жараны аймак ичинде заводдордун иш ыргагын бузбоо үчүн калгандай.

Корей жарым аралында азыр чыңалган абал сакталууда. Түндүк Корея өткөн аптада анын Түштүк Корея менен мамилеси согуш абалына киргенин жарыялаган. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG