Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:04

Visor Holding Жерүй боюнча Кыргызстанды экинчи жолу сотко берди


Бул маалыматты бүгүн парламентте Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин башчысы Ишимбай Чунуев ырастады. Анын айтымында, аталган компания Инвестициялык талаштарды чечүү боюнча Дүйнөлүк банк алдындагы борборго жолдогон арызында Кыргызстанга 400 миллион доо койгон. Компания өз арызын инвестициясы Кыргызстанда экспроприацияланганына байланыштуу деп түшүндүргөн.

Чунуев белгилегендей, буга чейинки доонун көлөмү 700 миллион доллар болчу. Учурда өкмөт жалдаган юристтер аталган доо арыз боюнча иштөөдө.

Казакстандык Visor Holding компаниясы Таластагы Жерүй алтын кенин иштетүү укугун кезинде австриялык Global Gold компаниясы аркылуу алган, бирок 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин өкмөт келишим шарттарын аткарган эмес деген жүйө менен лицензиядан ажыраткан.

Бул аралыкта кыргыз өкмөтү Жерүй алтын кенине жаңы инвестор издеп жатат. Конкурстук комиссия белгилеген шарттарга ылайык, кен иштетүү укугун алган инвестор 300 миллион доллар алдын-ала төлөшү керек.

Президент Алмазбек Атамбаев эгер инвестор табылбаса, Кыргызстан ал кенди өзү иштете турганын айткан. (UE)

XS
SM
MD
LG