Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Бийлик менен оппозиция өкүлдөрү жолугат


Бүгүн акыйкатчы Турсунбек Акундун демилгеси менен Бишкекте бийлик менен оппозициянын өкүлдөрү жолугат. Ага бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү байкоочу катары чакырылды. Турсунбек Акун эл арасында бийликке нааразы болгондор бар экенин, мунун натыйжасында митингдер өтүп жатканын, бирок бийлик алар менен диалогго барбай жатканын белгиледи.

Жолугушууга биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, дагы бир вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, экономика министри Темир Сариев жана парламенттик көпчүлүккө кирген фракция лидерлери катышат деп болжолдонуп жатат. Оппозиция тараптан парламенттик азчылыктын лидерлери, “Кыргызстанды сактоо” кыймылынын өкүлдөрү келет.

Жалал-Абадда 24-мартта курултай өткөргөн “Эл үнү” кыймылы президент Алмазбек Атамбаев катышпаса, келбей турганын айтып баш тартты. (EBM)

XS
SM
MD
LG