Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:18

Ооганстандагы кагылыштан элүүдөн ашуун киши мерт кетти


Ооган расмий өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда, Батыш Ооганстанда "Талибандын" кол салуусу учурундагы кагылыштан кеминде 53 киши мерт болду.

Фарах провинциясынын бийликтеринин айтымында, согушкерлер менен коопсуздук күчтөрү ортосунда жети саатка созулган атышуу жанкечтилердин тобу провинция сотунун сыртында жардыруу жасагандан кийин башталды.

Өлгөндөрдүн 34ү жөн-жай тургундар, 10у коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү, тогузу "Талибандын" согушкерлери. Ал эми жараат алгандардын 91и жөн-жай тургундар.

Кол салуу "Талибандын" 13 өкүлү сот имаратына алынып келинген учурда болгон. Бирок алардын эч кимиси кача албаганы кабарланды.

Бүгүнкү кол салуу үчүн "Талибан" жоопкерчилик аларын анын өкүлү Кари Юсуф Ахмади билдирди. (UE)

XS
SM
MD
LG