Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

Эштон: Иран менен сүйлөшүүлөр ийгиликтүү башталды


Европа биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон Иран менен сүйлөшүүлөргө этият оптимизмин билдирди. Эштон бул тууралуу шаршембиде Анкарада айтты:

- Сүйлөшүүлөрдү биз Алматыдан ийгиликтүү баштадык. Алдыга ишеним жараткан жана кайра каралган сунуштарды койдук. Ирандын айткандарын уктук. Сүйлөшүүгө катышкан тараптардын баары сунуш берүүгө даяр.

Эштон белгилегендей, анын ушул апта соңунда Алматыда өтө турган сүйлөшүүлөрү ийгиликке жеткени маанилүү.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Иран менен сүйлөшүүлөрдү алты өлкөнүн - АКШ, Британия, Германия, Франция, Орусия, Кытайдын атынан жүргүзүүдө. Сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы ушул жума, ишемби күндөрү Алматыда өтөт.

Батыш өлкөлөрү Иран өзөктүк программасына жамынып, өзөктүк курал жасайт деп шек санаса, Тегеран мындай ырастоолорду четке кагат. (UE)

XS
SM
MD
LG