Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:23

“Азамат Алтай” коомдук фонду түзүлдү


Аталган фонд 3-апрелде Юстиция министрлигинен расмий каттоодон өттү. Уюштуруучулардын маалымдашынча, жакында аймактарда жана чет өлкөлөрдө фонддун бөлүмдөрү ачылып, башка мамлекетке куугунтукталып кеткен Азамат Алтай, Төлөмүш Жакып уулу сыяктуу инсандардын таржымалы тууралуу китеп чыгат.

Фонд Кыргызстандын социалдык-экономикалык проблемаларын чечүүгө, кайрымдуулук ишмердикти өнүктүрүүгө, улуттук аң-сезимди көтөрүүгө жардам берүү максатын көздөйт. Радио журналисттер үчүн Азамат Алтай атындагы сыйлык уюштурулат. Бишкекте “Азаттык” үналгысынын музейи менен китепканасы да ачылмакчы. (EBM)

XS
SM
MD
LG