Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:40

Полковник Шоноевдин өлүмү боюнча сот убактылуу токтоп калды


Ошто киши колдуу болуп каза тапкан полковник Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө шектелгендердин үстүнөн сот жараяны убактылуу токтоп калды. Бул тууралуу Ош областтык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди. Анын айтымында, соттук иш өткөн аптада Кара-Суу райондук сотунда карала баштаган. Бирок шаршембидеги соттук жыйынга айыпталып жаткан төрт адамдын адвокаттары сотко келбей калып, белгисиз мөөнөткө калды.

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түштүк башкармалыгынын бөлүм башчысы Толкунбек Шоноев 11-январда үйүнүн жанынан киши колдуу болгон. Алгач кылмышты уюштурууга катышты деген шек менен беш киши, андан соң полковникке ок атты деп шектелген бир киши кармалган. Ок атты деп шектелгендердин дагы бири издөөдө жүрөт. (BkA)

XS
SM
MD
LG