Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:07

Бийлик менен оппозиция өкүлдөрүнүн жолугушуусу аяктады


Акыйкатчы Турсунбек Акундун демилгеси менен уюштурулган бийлик менен оппозициянын өкүлдөрүнүн жолугушуусу аяктады. Анда оппозициянын талаптары такталган жок. Жолугушууга бийликтен биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, экономика министри Темир Сариев, “Ата Мекен” фракциянын лидери Өмүрбек Текебаев, оппозициялык күчтөр катары "Кыргызстанды сактоо” кыймылынын лидери Мукар Чолпонбаев баштаган бир нече уюмдун өкүлдөрү катышты. Буга чейин жолугушууга катышаары айтылган парламенттеги оппозициялык азчылыктын өкүлдөрү келген жок. Жолугушууда оппозициянын атынан сөз сүйлөгөн Мукар Чолпонбаев Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген кендерди казууну токтотуу, Кумтөр боюнча келишимди бузуу, Кыргызстанда иштеп жаткан Кытай жарандарынын санына квота киргизүү сыяктуу талаптарды койду. Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев болсо мындай жолугушуулардын пайдалуу экенин белгилеп, мындан ары да өткөрүп турууну сунуштады. Бирок кийинки жолугушуунун мөөнөтү аныкталган жок.

Жолугушуу акыйкатчы Турсунбек Акундун демилгеси менен уюштурулду.
Ал эл арасында бийликке нааразы болгондор бар экенин, мунун натыйжасында митингдер өтүп жатканын, бирок бийлик алар менен диалогго барбай жатканы үчүн жолугушуу уюштурулганын билдирген болчу. Оппозициядагы “Эл үнү” кыймылы сыяктуу кыймылдардын өкүлдөрү жолугушууга президент Алмазбек Атамбаев катышпаганы үчүн келүүдөн баш тарткан. (BkA\JAk)

XS
SM
MD
LG