Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:30

Активисттер Беларус элчилигин жабууну талап кылышты


Бүгүн Бишкекте Беларус элчилигин алдында Өндүрүш Токтонасыров баштаган үч активист нааразылык акциясын өткөрүштү. Анда активисттер Беларустун Кыргызстандагы элчилигин жабууну, эки өлкөнүн дипломатиялык кызматташуусун токтотууну талап кылып, беларус президенти Александр Лукашенконун сүрөтүн өрттөштү. Токтонасыровдун айтымында, Беларус бийлиги апрель окуялары боюнча айыпталган мурунку президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп бербесе, элчиликтин жабылышын талап кылган акциялар улантыла бермекчи.

Өндүрүш Токтонасыров буга чейин бир нече ирет мындай акцияларды өткөргөн болчу. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG