Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Күнкорсуз мамлекеттер шериктешитигине кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышуу үчүн Ташкенге жөнөп кетти. Алдын ала маалыматка караганда, бүгүнкү жыйында он чакты маселе каралат. Алардын арасында уюмга мүчө мамлекеттер арасында саясий айдыңда, коопсуздук, билим берүү, спорт жана туризм тармагында кызматташууну бекемдөө тууралуу сөз болот. (EBM)