Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

Бүгүн Жерүй боюнча сынак жарыяланат


Бүгүн Таластагы Жерүй алтын кенин сатыкка чыгаруу боюнча сынак жарыяланат. Бул тууралуу Геология жана минералдык ресурстар агенттиги кабарлады. Кыргыз өкмөтү алгач Жерүй кенинин баштапкы суммасын 100 миллион доллар деп баалаган. Бирок кен боюнча түзүлгөн мекемелер аралык комиссия наркын 300 миллионго чейин көбөйткөн.

Ал арада Жерүй кенинин мурдагы инвестору, казакстандык “Визор Холдинг” компаниясы кыргыз өкмөтүн сотко берди. Компания Эл аралык арбитраждан кенди иштетүү лицензияны жокко чыгарган кыргыз өкмөтүнүн токтомун мыйзамсыз деп табуу жана өкмөттү 400 миллион долларлык доого жыгуу өтүнүчүн келтирген.

Лицензия өткөн жылдын соңунда жокко чыгарылган. Буга келишимдеги талаптар аткарылбаганы негиз болгон. “Визор Холдинг” бул боюнча кыргыз өкмөтү менен соттошуп, бирок Кыргызстандагы бардык баскычтагы соттордо утулуп калган болчу.

Таластагы Жерүй Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки эле эң ири алтын кени саналат. Анда болжол менен кеминде 90 тонна алтын, 13 тоннадай күмүш бар. (EBM)

XS
SM
MD
LG