Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:02

Пан Ги Мун: Түндүк Корея чектен чыгып баратат


Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Түндүк Кореяны өзөктүк курал колдонуу тууралуу билдирүүлөрү менен чектен чыгып баратат деп айыптады. Пан Ги Мун корей жарым аралындагы араздашуунун кесепети оор болушу ыктымалдыгын эскертти. Тараптарды кырдаалды биргелешип жөнгө салууга чакырды.

Орусия Пхеньяндын БУУнун Коопсуздук кеңешинин “массалык кыргын салуучу куралды таркатпоо” жөнүндө резолюциясын тоготпогондой мамилеси “кыжырды келтирет” деди. Согуш жөнүндөгү коркутуп-үркүтүүлөрүнөн баш тартууга да үндөдү.

Мунун алдында расмий Пхеньян өз аскерлерине АКШга каршы сокку урууга, өзөктүк курал колдонууга уруксат берилгенин жарыялаган. Түштүк Корея Түндүк Корея өзүнүн ракеталарын чыгыш жээкке жакыныраак орното баштаганын айтып чыккан.

Вашингтон өзүнүн аскерий базаларын коргоо үчүн Тынч океандын батыш тарабына ракетадан коргоочу системаларды орноторун билдирген. (EBM)

XS
SM
MD
LG