Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:53

“Ата Журт” Кумтөр келишимин жокко чыгаруу долбоорун талкуулайт


Бүгүн Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Ата Журт” фракциясы Кумтөр боюнча келишимди жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоорду карайт. Долбоорду “Эл үнү” кыймылы сунуштаган. Кыймыл мыйзамды демилгелөө үчүн 10 миң жарандын колун топтогон.

Буга чейин Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын корутундусунун негизинде токтом кабыл алган. Ага ылайык, өкмөткө “Центерра голд” компаниясы менен 3 айдын ичинде 2009-жылы түзүлгөн келишимди кайрадан карап чыгуу сунушталган. “Центерра Голд” бул сунушка макул болбосо, келишимди бузуу тапшырылган.

Өкмөт канадалык компания менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн топ түзгөн. Ал топтун мүчөлөрү “Центерра Голддун” өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы аяктаганын билдирген болчу. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG