Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:25

Жерүй боюнча сынак жарыяланды


Бүгүн Таластагы Жерүй алтын кенин сатыкка чыгаруу боюнча сынак жарыяланды. Бул тууралуу Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин директору Ишимбай Чунуев кабарлады. Анын айтымында, конкурстун эрежелерине ылайык бүгүнтөн тарта 10-майга чейин кенди иштетүүнү каалаган компаниялардан документтери кабыл алынат. 10-майдан тарта 20 күн ичинде Жерүйдү сатыкка коюу боюнча түзүлгөн мекемелер аралык комиссия түшкөн арыздарды изилдеп чыгып, андан соң конкустун мөөнөтүн аныктайт. Чунуевдин айтымында, конкурс июн айынын башында өтөт деп болжолдонуп жатат.

Кыргыз өкмөтү Жерүй кенинин наркын 300 миллион доллар деп баалаган. Таластагы Жерүй Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки эле эң ири алтын кени саналат. Анда болжол менен кеминде 90 тонна алтын, 13 тоннадай күмүш бар.(BkA)

XS
SM
MD
LG