Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:26

Токтонасыров Беларус элчилигинин алдындагы нааразылыгын улантууда


Ушул тапта Бишкекте Беларус элчилигин алдында укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров нааразылык акциясын өткөрүп жатат. Апрел ыңкылабы учурунда 86 адамдын өмүрү кыйылганын эскертүү максатында элчилик алдына гүл көтөрүп, нааразылыкка чыккан Токтонасыров Беларус бийликтеринен мурдагы президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга кайтарып берүүнү талап кылууда. Анын “Азаттыкка” билдиришинче, элчиликтин кызматкерлери акцияга тоскоолдук кылышып, колундагы талаптар жазылган плакатын алууга аракет кылып жатышат. Бирок Токтонасыров буга карабай нааразылык акциясын уланта берээрин билдирүүдө.

Өндүрүш Токтонасыров буга чейин бир нече ирет мындай акцияларды өткөргөн болчу. Ал кечээки акциясында Беларустун Кыргызстандагы элчилигин жабууну талап кылып, беларус президенти Александр Лукашенконун сүрөтүн өрттөгөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG