Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:08

Алматыда Ирандын атомдук программасы талкууланууда


Казакстандын Алматы шаарында Ирандын атомдук программасы боюнча сүйлөшүүлөр өтүүдө. АКШ, Орусия, Кытай, Франция, Британия жана Германия кирген топтун өкүлү, Евробиримдиктин тышкы саясатын жетектеген Кэтрин Эштон жолугушуунун алдында “этият оптимизмин” билдирди.

Иран делегациясынын башчысы Саед Жалилинин айтымында, ири державалар Тегерандын уран байытуу укугун таанышса гана сүйлөшүүлөр натыйжалуу өттү десе болот.

Февралдагы кездешүүдө Иран уран байытуудан баш тартса, экономикалык санкциялар жеңилдетилет деген шарт коюлган. Эштондун маалымат катчысы Михаэл Манн жолугушуу 2 күнгө пландалганын, бирок эч кандай жылыш болбосо, бир күндө эле аяктаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG