Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:32

Шанхайда канаттуулардан H7N1 вирусу табылды


Шанхайдын тоок базарында 20 миңден ашуун канаттууну жок кылышты. Кытайдын маалымат каражаттары кабарлашкандай, куш тумоосунун жаңы түрүнөн 6 киши каза болду.

Шанхайдагы "Хухуаи" ири базарында сатылган көгүчкөндөрдө H7N1 вирусу табылгандан кийин ал жабылды.

Саламаттыкты сактоо департаментинин маалыматына караганда, куш тумоосунан көз жумган адамдар ооруну үй канаттууларынан жугузуп алышкан. Ошол эле маалда вирустун адамдан адамга жугаарын далилдеген фактылар азырынча жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG