Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

"Кэсондо" эмгектенген 53 миңдей жумушчу ишке чыккан жок


“Кэсон” өнөр жай комплексинде иштеген түндүк кореялык 53 миңдей жумушчу жума күнү ишке чыккан жок. Бул тууралуу Түштүк Кореянын “Ренхап” кабар агенттиги билдирүүдө.

Чек арага жакын жерде орун алган комплексти эки Корея биргелешип иштетет. Агенттик Түштүк Кореянын Биригүү иштери боюнча министрлигине шилтеме жасап маалымдагандай, Түндүк Кореяда бүгүн Көчөт күнү белгиленип, быйыл биринчи жолу майрам деп жарыяланган.

Шаршембиде Пхеньян Түштүк Кореядан “Кэсонго” алып барган жолду жаап салган. Түштүк болсо өз жумушчуларын комплекстен алып кетүүгө даярдыгын билдирген.

Корей жарым аралындагы кырдаал улам курчуп баратат. Пхеньян атомдук курал колдоноорун эскерткенден кийин Түштүк Корея жана өнөктөшү АКШ коргоону системаларын даярдыкка келтирээрин жарыялашты.

XS
SM
MD
LG