Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:20

Индияда имарат кыйрап, 35 киши каза тапты


Курулушу жарым-жартылай бүткөн имарат Мумбай шаарында кыйраган. Андан өмүрү кыйылган 35 адамдын 11и балдар. Булардан тышкары 60тай киши жаракат алган, дагы 20дай киши дайынсыз деп саналууда.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, жети кабаттуу имарат эч бир уруксат кагаздарсыз эле алты аптада тургузулган. Курулуш уланып жатканына карабай, имараттын кеминде үч кабатына жашоочулар кирип алышкан.

Имарат эмне себептен кыйраганы белгисиз. Бирок полиция курулушчуларга Кылмыш кодексинин "атайлап адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Жергиликтүү маалымат каражаттары мыйзамсыз курулушту токтотпогону үчүн муниципиалдык бийликтерди айыптоодо. (UE)

XS
SM
MD
LG