Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:00

Түндүк Корея Пхеньяндагы элчиликтерди эвакуациялоону караштырып жатат


Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, андай сунуш жума күнү бардык элчиликтерге жөнөтүлгөн. Министр бул маселе боюнча АКШ, Кытай, Түштүк Корея жана Жапония менен байланышып турушканын жана кошумча маалымат алууга аракеттенип жатышканын айтты.

- Азырынча сөздөрдүн деңгээлинде болуп жаткан чыңалуу абдан тынчсыздандырууда. Биз андай сунушка эмне түрткү бергенин түшүнүүгө аракеттенүүдөбүз. Биз Түндүк Кореянын жетекчилиги элчиликтерди эвакуациялоо чечимин кабыл алдыбы деп кызыкканда, "ал сунуш эле" деп айтышты.

Британиянын тышкы мекемеси болсо элчиликтерди алып чыгуу өтүнүчү – бул Түндүк Кореянын “бир нече убакыттан бери уланып келаткан риторикасынын” бир бөлүгү деп билдирди. Бүгүн эртең менен Түштүк Кореянын “Ренхап” агенттиги Сеул чыгыш жана батыш жээктерине ракетадан коргонуу системасы менен жабдылган согуштук эки кемени жөнөткөнүн маалымдаган. Анын алдында, 4-апрелде Пхеньяндын өлкө чыгышына кеминде бир ракета жайгаштырган. Өткөн аптада Түндүк Корея түштүктөгү коңшусу менен “согуш абалында” экенин жарыялаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG