Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:57

Ысык-Көлдө 7-апрелде каза тапкандардын бүлөлөрүнө жардам берилди


Ысык-Көлдө 7-апрелде каза болгон 11 кишинин үй-бүлөлөрүнө облустук администрация жалпысынын 300 миң сом бөлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” администрациянын басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди.

Бүгүн облуста апрель окуясынын курмандыктары эскерилип, Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунда аларга арналып бактын көчөттөрү тигилди. Ошондой эле Каракол шаарында жөө жүрүш, манасчылардын сынагы жана Көк бөрү оюну уюштурулду. (MK/AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG