Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:52

БУУ АКШны Гуантанамо түрмөсүн жабууга чакырды


Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча мекемесинин башчысы Нави Пиллэйдин жума күнкү билдирүүсүндө Кубадагы Гуантанамо түрмөсүндө террордук иштерге шектелгендерди белгисиз узак мөөнөткө кармоо эл аралык укукка каршы келээри айтылат. Пиллэй айым абактагылардын айрымдары бул жерде 10 жылдан ашуун “чирип жатат” деп белгиледи.

Гуантанамо абагында 40тай киши ачкачылык акцияны улантууда. БУУнун жогорку өкүлү муну “айла кеткендеги арга” деп баалап, бул абак Вашингтондун эбак эле жабуу тууралуу чечимине карабай дагы деле иштеп жатканы “өтө иренжитет” деди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG