Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:51

АКШнын куралдуу күчтөрүнүн жетекчиси күтүүсүз сапар менен Ооганстанга барды


АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн штаб жетекчилеринин бириккен комитетинин башчысы генерал Мартин Демпси Ооганстанда АКШ менен НАТО күчтөрүнүн жетекчилиги жана ооган расмийлери менен жолугат. Анда 2014-жылы эл аралык күчтөр чыгып кеткенден кийин Ооганстанда канча америкалык аскер кала тургандыгы талкууланат. Ошондой эле жергиликтүү коопсуздук күчтөрүнүн абалына да баа берилет. Кийинки жылы эл аралык күчтөр чыгып кеткенден кийин ооган жергесинде калчу америкалык аскерлердин максаты жергиликтүү күчтөрдү даярдоого салым кошуу болмокчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG