Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:25

Дакада демонстранттар өлүм жазасын кайра киргизүүнү талап кылды


Бангладештин баш калаасында ишемби күнү миңдеген адамдар исламга каршы кылмыштар үчүн өлүм жазасын кайра киргизүүнү өкмөттөн талап кылып, жөө жүрүшкө чыгышты. Демонстранттардын айтымында, атеист-блоггерлердин интернет булактарына жарыялаган диний ишенимдерге шек келтирген материалдары массалык кыжырданууну жаратууда. Буга чейин төрт блоггер исламга шек келтирген деп кармалган.

Бангладештин 90% калкы мусулмандар. Ишемби күнкү жөө жүрүштүн катышуучулары өлкөдө милдеттүү түрдө ислам боюнча билим берүүнү киргизүү жана гендердик теңчиликке жол бербөө талабын коюшту. Кыргызстандан да бир нече балдар Бангладештин медреселеринде окуганы белгилүү.

XS
SM
MD
LG