Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Меркел Орусияны жарандык коомго мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды


Германиянын канцлери Ангела Меркел орус президенти Владимир Путин менен жолукту. Анда канцлер бейөкмөт уюмдарды “инновациянын кыймылдаткычы” деп атап, орус бийлигин жарандык коомго мүмкүнчүлүк берүүгө үндөдү. Жарандык коомдун жигердүүлүгү эки өлкөнүн алака-катышы үчүн пайдалуу гана болоорун белгиледи. Андан мурдарак Германия четтен каржыланган бейөкмөт уюмдарга карата Москванын саясатын айыптаган болчу.

Путин бул сапардын алдында алдында немис телеканалына маек куруп, жарандар кайсы бейөкмөт уюм кандай максатта сырттан каржыланарын билүүгө милдетүү деп айткан болчу.

Ганноверде Ангела Меркел менен жолугуп, эл аралык өндүрүш жарманкеге катышуу үчүн келген Владимир Путинди ондогон активисттер нааразылык акция менен тосуп алды. (EBM)

XS
SM
MD
LG