Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Камчы Көлбаевдин иши сотко өттү


Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, өткөн аптада Камчы Көлбаевге козголгон кылмыш иш боюнча тергөө аяктап, Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилди.

Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү деп саналган Көлбаевге Кылмыш-жаза кодексинин адам уурдоо, талап-тоноо, кылмыштуу топ уюштуруу, курал жана жарылуучу зат алып жүрүү, маңзат өндүрүү жана таратуу сыяктуу жети берененин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ал 8-декабрда Дубайдан Бишкекке алып келинип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камалган.( BkA)

XS
SM
MD
LG