Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:16

Бабанов “Ата Мекендин” айыптоолорун төгүндөдү


Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов “Кыргызстан” банкынын айланасындагы “Ата Мекен” фракциясынын айыптоолорун төгүндөдү. Бабанов бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2006-жылы “Кыргызстан” банкынын 30 пайыздык акциясын, 2008-жылы 30 пайыздык акциясын мыйзамдуу жол менен сатып алган. Муну далилдей турган бардык документтер бар экенин белгилеген Бабанов “Ата Мекен” фракциясы муну саясий курал катары колдонуп, өз таасирин көбөйтүү аракетин көрүп жатканын билдирди.

5-апрелде “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында “Кыргызстан” коммерциялык банкынын мурдагы акционерлеринин арызы каралган болчу. Анда мурдагы акционерлер Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда аталган банкты Бабанов рейдерлер жол менен тартып алган деп айыпташкан. “Ата Мекен” акционерлердин арызынын негизинде Башкы прокуратурага “Кыргызстан” банкынын айланасындагы жаңжалды текшерип, тиешелүү укуктук баа берүүнү тапшырган.(BkA\KJ)

XS
SM
MD
LG