Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:58

Камчы Көлбаевдин соту 18-апрелде башталат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева кабарлады. Анын айтымында, өткөн аптада Камчы Көлбаевге козголгон кылмыш иш боюнча тергөө аяктап, Бишкектин Биринчи май райондук сотуна түшкөн.

Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү деп саналган Көлбаевге Кылмыш-жаза кодексинин адам уурдоо, талап-тоноо, кылмыштуу топ уюштуруу, курал жана жарылуучу зат алып жүрүү, маңзат өндүрүү жана таратуу сыяктуу жети берененин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ал былтыр 8-декабрда Дубайдан Бишкекке алып келинип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камалган. Анын тергөө абагындагы мөөнөтү 8-апрелде соңуна чыгат. (BkA)

XS
SM
MD
LG