Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

1994-жылкы үлгүдөгү паспорттор Кыргызстанда гана жарактуу


Бул тууралуу Чек ара кызматы бүгүн билдирүү таратты. Билдирүүдө Чек ара кызматы 1994-жылы чыгарылган үлгүдөгү жарандык паспорт Кыргызстандан башка өлкөлөрдө жараксыз экенин эскертүүдө. Ага чейин 2011-жылы кыргыз өкмөтү жарандарга берилген 1994-жылкы үлгүдөгү паспорттордун мөөнөтүн узартуу тууралуу токтом кабыл алган. Бирок бул токтомго ылайык 2012-жылдын 1-январынан тарта мындай үлгүдөгү паспорттор Кыргызстандын аймагында гана жарактуу деп эсептелип, башка өлкөлөрдө жараксыз деп табылганын Чек ара кызматы жарандардын эсине салып жатат.

XS
SM
MD
LG