Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:59

Туристтик сезонго карата казак-кыргыз чек арасында 3 бекет ачылат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев билдирди. Анын айтымында, бүгүн Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча жана Казакстандын мажилисинин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин көчмө жыйыны Жамбыл облусундагы Кордой кыштагында өттү. Анда эки өлкө ортосундагы чек арасындагы абал, жайкы туристтик сезонго даярдык маселелери талкууланды. Жыйындын жүрүшүндө эки өлкөнүн депутаттары жана Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү туристтик сезондун учурунда Камышановка, Капка жана Каркыра бекеттерин ачуу боюнча макулдашышты.

Чек ара кызматынын маалыматында, Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда 12 бекети бар. Учурда алардын ичинен 7 чек ара бекети иштеп жатат. Ал эми 5 чек ара бекетин 2010-жылдагы Апрел окуяларынан соң Казакстан бир тараптуу жаап салган болчу. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG