Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:21

Малдын этинде жүрөккө зыян бөлүкчөлөр бар


Жаңы изилдөөлөр көрсөткөндөй, малдын этиндеги бир гана май эмес, башка бөлүкчөлөр да жүрөккө зыян. АКШдагы бир нече университеттин окумуштуулары малдын этиндеги карнитин деген амино аксид жүрөк оорусунун көбөйүшүн күчөтөт деген бүтүмгө келишкен. Карнитин атеросклероз жана кандын коюлушуна алып келет.

Аталган зыян бөлүкчөлөр малдын, койдун, бугунун, күрптүн жана чочконун этинде бар. Изилдөөнүн жыйынтыгы жекшемби күнү “Табигый медицина” журналында жарыяланып, АКШнын ден соолук боюнча улуттук институту тарабынан каржыланган.

Жүрөккө зыян карнитин айрым энергетикалык ичимдиктерде да табылган.
XS
SM
MD
LG