Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:03

Президент Путин Амстердамга барды


Орусиянын президенти Владимир Путин Германиядан Амстердамга сапарын улады. Ганноверде Путин Германиянын канцлери Ангела Меркел менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Меркел жарманкенин ачылышында Орусиядагы бейөкмөт уюмдарды коргоп сөз сүйлөдү. Путин өз кезегинде мамлекет сырттан каржыланган бейөкмөт уюмдарды текшерүүгө укугу бардыгын айтып жооп кайтарды. Путиндин айтымында, Орусиядагы бейөкмөт уюмдар чет өлкөлөрдөн ушул жылдын башында эле 1 миллиард доллар алышкан.

Амстердамда Путиндин келишин утурлап орус бийлигинин гейлерге каршы саясатына каршы нааразылык акциялары болду. Үстүбүздөгү жылдын январь айында орус парламенти гейлер, бисексуалдар жана трансгендерлердин укуктарын коргоп, коомдук иш-чараларды өткөргөнү жана аларды пропаганда жасагандыгы үчүн 16 000 долларга чейинки айып пул төлөө боюнча мыйзамды биринчи окууда кабыл алган. (AiK)

XS
SM
MD
LG