Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

АКШ мамкатчысынын жардамчысынын Борбор Азиядагы сапары башталды


АКШнын мамлекеттик катчысынын коомчулук менен байланыш боюнча жардамчысы Майк Хаммер Тажикстанга жана Өзбекстанга иш сапарын баштады. Майк Хаммер эки өлкөдө өкмөт мүчөлөрү, журналисттер, студенттер, жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугат. Дүйшөмбүдө Хаммер Тажикстандын мамлекеттик байланыш агенттигинин башчысы жана Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы менен сөз жана интернет эркиндиги тууралуу сүйлөшөт.

Хаммер шейшембиде Ташкенге учат. Ал жерде сөз эркиндиги жана мамлекеттин ачыктыгы боюнча конференцияга катышат. Майк Хаммердин Борбор Азиядагы иш сапары 15-апрелде аяктайт. (AiK)

XS
SM
MD
LG