Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:42

Пакистандын түндүгүндө кагылыштан кеминде 130 адам мерт болду


Пакистандын түндүк-батышында Тирах өрөөнүндө кагылыштан кеминде 100дөй козголоңчу жана 30 жоокер каза болду. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, талиптер ээлеп келген аймакты 5-апрелден бери армия көзөмөлдөп жаткан.

Соңку жумаларда козголоңчу топтордун өз ара араздашууларынан 40 миңдей тургун үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Тирах өрөөнү жарым-жартылай автономиялуу федералдык башкаруудагы уруу аймагынын курамына кирет. Айрым райондор талиптердин көзөмөлүндө. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG