Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:44

Полковник Шоноевдин өлүмү боюнча сот 15-апрелде уланат


Ошто киши колдуу болуп каза тапкан полковник Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө шектелгендердин үстүнөн сот 15-апрелде уланат. Бул тууралуу Ош областтык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди. Анын айтымында, Кара-Суу райондук сотунда каралып жаткан иш өткөн аптада айыпталып жаткан төрт адамдын адвокаттары катышпай жатканына байланыштуу белгисиз мөөнөткө калган. Эми адвокаттар менен кеңешип, жараян 15-апрелден тарта уланмай болду.

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түштүк башкармалыгынын бөлүм башчысы Толкунбек Шоноев 11-январда үйүнүн жанынан киши колдуу болгон. Алгач кылмышты уюштурууга катышты деген шек менен беш киши, андан соң полковникке ок атты деп шектелген бир киши кармалган. Ок атты деп шектелгендердин дагы бири издөөдө жүрөт. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG