Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:38

Орус драма театрын колдоо максатында марафон өтөт


19-апрелде Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрын колдоо максатында кайрымдуулук марафону уюштурулат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты. Марафондон түшкөн каражат театрга керектүү жабдыктарды сатып алууга жумшалганы жатат.

Буга чейин аталган театрдын айланасында чыр чыккан. Театрдын мурдагы жетекчиси Борис Воробьев директорлуктан өткөн аптада бошотулган соң театрдагы үн жана жарык берчү аппаратураларды алып чыгып кеткен. Воробьев муну театрга аппаратураларды сатып берген жеке демөөрчүлөр анын кызматтан алынганын уккан соң, чыгарып кетүү чечимин кабыл алышканы менен түшүндүргөн. Ошондой эле өзү продюсерлик кылган спектаклдерди коюуга тыюу салып, белгиленген спектаклдер үзгүлтүккө учураганы айтылган болчу.

Театрдын жаңы директору болуп дүйшөмбүдө белгилүү журналист Александр Кулинский дайындалды. (BkA)

XS
SM
MD
LG