Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:50

Баш ооруткан Бажы биримдиги


Бажы биримдигине кирген Беларус, Орусия, Казакстандын лидерлери
Бажы биримдигине кирген Беларус, Орусия, Казакстандын лидерлери

Казакстандын өндүрүш бирикмелеринин президенти Марал Топиев: “Кыргызстандын Бажы союзуна кириши эч кандай пайда алып келбейт”.

“Алиби” гезити “7-апрель: үмүттөр акталдыбы?”. “Эгер Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, эт эки эсе кымбаттайт” деген баштемалар менен бүгүнкү санын ачты.

Казакстандын өндүрүш бирикмелеринин президенти Марал Топиев “Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши эч кандай пайда алып келбейт” деп бир жума мурда болуп өткөн эл аралык конференцияда айтканын, маселени талкууга алгандардын бир тарабы Бажы союзу жакшы десе, бир тарабы жаман, элдин турмушу мындан да начарлайт деп айтканын белгилеген гезит бул боюнча журналист Наргиза Козубаеванын казакстандык өндүрүшчү менен маегин тартуулады.

Кабарчы Марал Топиевге кайрылып: – Бажы союзуна кирсе Кыргызстанды эмнелер күтүп турат?–деп суроо берди.

Топиев: –Адегенде эле баалар асманга көтөрүлөт. Тамак-аштын баасы Казакстан менен Россияныкына теңелет. Кыргызстанга товарлардын баары тыштан келгендиктен экономиканы дагы начарлатат. Кытай автоматтуу түрдө жабылат. Эл дефицитти сезе баштайт. Азыр эттин баасы 300 сом болсо, Бажы союзуна киргенден кийин 600 сомго көтөрүлөт. Бажы союзунун соккусуна биринчи болуп ишкерлер кабылат. Сырткы чек ара дароо жабылат. Бул “Дордой” жок болду дегендикке жатат. Аны менен ал жерде оокат кылгандардын соодасы токтойт. Челноктук бизнес да соолуйт. Казакстан бир тууган өлкө, бирок жардам бергенге ниети да, ашык каражаты да жок. Бакиевди багып жаткан Беларус жардам бербейт. Жалгыз Россия калат. Эгер элге керектүү тамак-ашка, кийим-кечеге баалар жогоруласа, элдин нааразылыгы күчөөрү маалым. Негизи Бажы биримдигине кирүү чечимин кабыл алуудан мурда аябай кылдааттык менен ойлонуп чыгуу керек,–деп айтты.

“Фабула” гезити мурдагы министр Өмүрбек Кутуевдин “Милиция кармаган кылмышкерди сот актап жатса, каяктагы реформа?” деген ат менен интервьюсун басты.

Генерал Кутуев көп жакшы ойлорун ортого салды. Реформа дегенди жек көрөөрүн, биздикилер реформа кылабыз деп Армения менен Грузияга барып келгенден көрө АКШ, Германия, Түркиянын реформасын көрсө туура болмогун, ИИМди реформалоо үчүн ага байланышкан бардык кызматтарды, мисалы Улуттук коопсуздук кызматын, Мамлекеттик финансы полициясын, Башкы прокуратураны, салык кызматын, сотторду чогуу реформалабастан Ички иштер министрлигин реформалоо мүмкүн эместигин, кылмыш менен күрөшкөн милийсалардын айлыгын көбөйтүп, шартын түзүү керектигин билдирди.

Эркин журналист Асыран Айдаралиевдин “Дөңгөч” деген аталыштагы макаласы да “Фабула” гезитинин бүгүнкү санында.

Гезит булардан тышкары депутат Карганбек Самаков: ”Министрлер кабинетинде отурган пенсионерлер ордун бошотуп, жаштарга бериши керек деп абдан туурасын айтты” деп,

“Саясат майданында кайрадан эки Өмүрбектин – "Ата Мекен” менен “Республиканын” же Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Бабановдун салгылашынын экинчи сериясы башталды. Биринчи тарап “АКБ Кыргызстан” банкын Бабанов, Максим Бакиев, Алексей Елисеев болуп рейдерлик жол менен басып алган десе, экинчи тараптан чыккан Бабанов “Бул шоуну Текебаев апрель окуясынын алдында мародерчулук маселесинен элдин көңүлүн башка жакка буруу үчүн козгоп жатат. Мен бул банкты бийликке келе электе сатып алгам” деп айтты деп,

“Парламенттин эң коррупциялашкан эки фракциясы бар. Бири - “Республика”, экинчиси - “Ата Журт”. Мисалга алсак “Ата Журттан” камакта отурган Нариман Түлеев, качып жүргөн Нурлан Сулайманов, Исках Пирматов. Эми булардын катарына эл анча тааныбаган депутат Элмурат Обдунов кошулду. Бул эл өкүлү Ош мамлекеттик университетинде башкы бухгалтер болуп туруп окуудан чыгарылган 421 студенттин эки жарым миллионго чукул келишимдик акысын кайтарып бербей кымырып алгандыгы үчүн айыпталган. Эми бухгалтер –депутатты кылмыш жообуна тартууга эл үчүн иштеп жатабыз деген парламент уруксат бербей калкалап калды. Муну менен эл кызыкчылыгын коргоп келатабыз деген депутаттар дагы бир жолу жалаң гана өз кызыкчылыктарын коргой тургандыгын дагы бир жолу кашкайта көрсөттү. Акыры чындык жеңет. Пирматов да, Обдунов да бүгүн болбосо, эртең кылыгына жооп берчү күн келет” – деп жазды.
XS
SM
MD
LG