Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Адвокат: Анапияев негизсиз караланып жатат


Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында эл аралык издөөдө жүргөн Алмамбет Анапияевдин адвокаттары Самат Заков жана Кантемир Турдалиев билдирди.

Алардын айтымында, айрым маалымат каражаттары Алмамбет Анапияевди уюшкан кылмыштуу топтун башчысы катары көрсөтүп, бир катар оор кылмыштарга шектүү катары көрсөтүп жатышат. Анапияевдин сот тарабынан бул кылмыштарга тиешеси бар экени аныкталбаганын эскерткен адвокаттар ЖМКларды мындай такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырды.

Алмамбет Анапияев Кылмыш кодексинин адам уурдоо, талап-тоноочулук жана адамды эркинен мыйзамсыз ажыратуу деген беренелери боюнча айыпталып, ага эл аралык издөө салынган. Айрым маалыматтар боюнча Анапияев Бириккен Араб Эмираттарында жашайт. (BkA)

XS
SM
MD
LG