Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:42

Пхеньян Түштүк Кореядагы чет өлкөлүктөрдү кетүүгө үндөдү


Түндүк Корея согуш чыгып кетсе, Түштүк Кореядагы чет өлкөлүк жарандар жабыркашы мүмкүн деп, аларды тезинен эвакуациялоого үндөдү. Өткөн жумада Пхеньян элчиликтердин коопсуздугун камсыздай албасын билдирген жана аларды чыгарып кетүүнү сунуш кылган. Айрым кабарларга караганда, Түндүк Корея чыгыш жээгине орто аралыкка учуучу кеминде бир ракета орнотту.

Жапониянын премьер-министри анын өкмөтү Түндүк Кореянын коркутуп-үркүтүүлөрүнө моюн сунбайт деп билдирди. Бүгүн Токионун айланасына Patriot ракеталарын кармоочу системалар жайгаштырылды.

Ушул эле күнү Түштүк Корея менен биргелешип иштетилген Кэсон өнөр жай комплексине түндүк кореялык жумушчулар келген жок. Бул комплекс эки коңшу ортосундагы акыркы экономикалык байланыш болчу. Корей жарым аралындагы кырдаал БУУ Пхеньянга каршы жаңы санкцияларды кабыл алгандан кийин курчуп кетти. Анын алдында Түндүк Корея үчүнчү ядролук сыноо өткөргөн.

XS
SM
MD
LG