Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:05

Сербияда бир адам 13 кишини тындым кылды


Сербиянын бийлиги билдиргенине караганда, куралчан бир адамдын огунан 13 киши набыт кетти. Окуя бүгүн Белградга жакын жердеги Велика Инваца айылында болгон.

Баш калаадагы оорукананын маалымат катчысы Нада Мацуранын айтымында, 60 жаштагы киши алты эркек, алты аял жана бир баланы атып өлтүрүп, кийин өзүнүн жана жубайынын өмүрүн кыюуга аракеттенген. Экөө тең азыр оор абалда жатат. Окуяда дагы бир киши жараланды.

Ички иштер министрлигинин өкүлү маалымдаганына караганда, каза тапкандар беш башка үйдө өлтүрүлгөн жана тууган же кошуналар болчу. Азырынча адам өлтүрүүгө эмне түрткү болгону белгисиз. 1992-жылы Хорватиядагы согушка катышкан ал адам былтыр жумушунан айрылыптыр.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG